+ -

عن عمران بن حصين رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«‌لَيْسَ ‌مِنَّا ‌مَنْ ‌تَطَيَّرَ أَوْ تُطُيِّرَ لَهُ، أَوْ تَكَهَّنَ أَوْ تُكُهِّنَ لَهُ، أَوْ سَحَرَ أَوْ سُحِرَ لَهُ، وَمَنْ عَقَدَ عُقْدَةً، وَمَنْ أَتَى كَاهِنًا فَصَدَّقَهُ بِمَا يَقُولُ فَقَدْ كَفَرَ بِمَا أُنْزِلَ عَلَى مُحَمَّدٍ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ».

[حسن] - [رواه البزار]
المزيــد ...

Имран бин Хусейн (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Куш учурган жана учурткан, көзү ачыктык кылган жана көзү ачыктык кылдырткан, сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган, түйүн түйүп ырым кылган адамдар бизден эмес. Ким көзү ачыкка барып анын айтканына ишенсе, Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тушкөн нерсеге каапырлык кылыптыр".

Сахих (ишенимдүү) - Ал-Базар жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) "бизден эмес" деген сөзү менен үммөтүнөн кээ бир (жаман) иштерди кылгандарга катуу эскертүү берген:
Биринчиси: "Куш учурган жана учурткан киши". Бул мындай: кайсы бир ишти баштаарда, сапарга чыгарда, соода кыларда ж.б. куш учуруп ырым кылат. Эгер коё берген куш оң тарапка учса, каалаган ишин баштай берет. А эгер куш сол тарапка учуп кетсе, жаман ырым кылып ишин баштабайт. Мындайды өзү кылууга да болбойт, мындайды жасаган адамга барып жасатууга да болбойт. Буга ушул сыяктуу ырымдардын баары кирет, мейли ал куш аркылуу болсун, же айбанаттар, же майып адамдар, же сандар, же күндөр аркылуу болсун айырмасы жок.
Экинчиси: "Көзү ачыктык кылган жана кылдырткан киши". Жылдыздар же башка нерсе аркылуу кайып илимин билем деп айтса, же ушундай көзү ачыктык кылган сыяктууларга барып, алардын кайып илими тууралуу айтканына ишенип тастыктаса, Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тушкөн нерсеге (Куранга) каапыр болот.
Үчүнчүсү: "Сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган..." бул сыйкырчылык менен алек болгон адам, же бирөөгө пайда-зыян берүү үчүн ушундайларды пайдаланган адамдар. Ошондой эле жипти түйүн кылып түйүп ага тыюу салынган сөздөр менен дем салып сыйкыр кылган адамдар.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллах Таалага тобокел кылуу, Анын жазган тагдырына ыйман келтирүү важиб. Куш учуруу, жаман ырым кылуу, сыйкырчылык кылуу, көзү ачыктык кылуу жана ушуларга барып жардам суроо тыюу салынган арам иштерден.
  2. Кайып илимин билем дештик - тавхидди алсырата турган ширк амалдарынан.
  3. Көзү ачыкка баруу, анын айтканын тастыктоо тыюу салынган арам иш. Буга алаканга карап, чыныдагы сууга карап, жылдыз белгилерине (зодиак, гороскопко) карап кайыпты айтуу жана буга жөн эле кызыгып кароо да кирет.