+ -

عن عائشة رضي الله عنها قالت:
سَأَلَ أُنَاسٌ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنِ الْكُهَّانِ، فَقَالَ لَهُمْ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَيْسُوا بِشَيْءٍ» قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ، فَإِنَّهُمْ يُحَدِّثُونَ أَحْيَانًا بِالشَّيْءِ يَكُونُ حَقًّا، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «تِلْكَ الْكَلِمَةُ مِنَ الْحَقِّ يَخْطَفُهَا الْجِنِّيُّ فَيَقُرُّهَا فِي أُذُنِ وَلِيِّهِ قَرَّ الدَّجَاجَةِ، فَيَخْلِطُونَ فِيهَا أَكْثَرَ مِنْ مِائَةِ كَذْبَةٍ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 6213]
المزيــد ...

Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Адамдар Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү ачыктар тууралуу сурашты. Ал: "Алар эч нерсе кыла албайт" - деди. О, Аллахтын элчиси, кээде алардын айтканы туура чыгып калып жатпайбы - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 6213]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тычтыгы жана мактоосу болсун) келечектеги кайып кабарлар тууралуу айткандар жөнүндө суралды эле, ал: "Аларга арлашпагыла, алардын айтканын укпагыла, алардын кылганы силерди кыжаалат кылбасын" - деген.
Кээ бир окуяларда алардын айтканы туура чыгып калып жатат, мисалы, баланча айда, баланча күнү мындай болот деп кайып ишти айтса, ошолордун айтканындай болуп калган учурлар болот дешет.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиндер асманда айтылган кабарларды тыңшап угуп келет да көзү ачык досторуна түшүп укканын аларга айтат. Кийин көзү ачык анын асмандан укканына жүз жалганды кошуп жиберет.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Каннадача الولوف البلغارية Азерче Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Көзү ачыктарга ишенүүгө болбойт. Кээде туура болгонуна карабай, алардын айтканы жалган жана атайын дайындалган.
  2. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгы башталгандан тартып асман кабарлары шайтандардын кулак салып угуп алуусунан сакталган. Кээ бир гана жылдыздын соккусунан аман калып кулак төшөгөндөрү угуусу мүмкүн.
  3. Жиндер адамдардын арасынан дос тутат.
Дагы...