عن أنس رضي الله عنه قال:
كُنَّا عِنْدَ عُمَرَ فَقَالَ: «نُهِينَا عَنِ التَّكَلُّفِ».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 7293]
المزيــد ...

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Биз Умардын жанында болчубуз, ал: "Биз өзүнө оорлотуудан тыйылганбыз" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 7293]

Түшүндүрмө

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлайт. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды кажети жок иштерде өзүн кыйноодон тыйган. Бул иш мейли сөзгө тиешелүү болсун, мейли кыймыл-аракетке тиешелүү болсун.

Хадистин пайдалары

  1. Тыюу салынган оорлотууга булар кирет: көп суроо берүү, өзү билбеген нерсеге терең кирүү, Аллах Таала жеңилдик берген ишти оорлотуу ж.б.
  2. Мусулман адамга өзүн орто алып жүрүү сөздө болобу, иште болобу, бардык абалда тереңдебей жүрүүсү зарыл.
  3. Ислам - жеңил дин.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (62)
Дагы...