عن أنس رضي الله عنه قال: قال النبي صلى الله عليه وسلم:
«لَا يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى أَكُونَ أَحَبَّ إِلَيْهِ مِنْ وَالِدِهِ وَوَلَدِهِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Силердин эч бириңер мен ага атасынан, баласынан, жалпы эле адамдардан сүйүктүү болмоюнча толук ыймандуу боло албайт"
Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман киши ага болгон махабатын энесинин, атасынын, баласынын, кызынын, деги эле бардык адамдардан да жакшы көрмөйүнчө толук ыймандуу боло албастыгын бизге кабарлаган. Бул жакшы көрүү ага баш ийүү, (сүннөтүн жайылтууга) жардам берүү, ага күнөө кылууну таштоо аркылуу болот.