+ -

عن ابن عباس رضي الله عنهما قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«من اقتبَسَ علْمًا مِنَ النُّجُومِ اقْتبَسَ شُعبَة مِن السِّحرِ، زادَ ما زادَ».

[صحيح] - [رواه أبو داود وابن ماجه وأحمد] - [سنن أبي داود: 3905]
المزيــد ...

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Ким жылдыз илиминен үйрөнсө ал сыйкырдын бир бутагын (бир азын) үйрөнгөн болот, көбөйткөн сайын көбөйө берет".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 3905]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким астрология жана жылдыздар илимин окуса, алардын кыймылын, кирүүсүн, чыгуусун жерде болуп жаткан окуяларга, мисалы, бирөөнүн өлүмүнө, туулуусуна, ооруп калуусуна ж.б. келечекте боло турган иштерге байланыштырып далил кылса, ал адам сыйкырдын бир бөлүгүн үйрөнгөн болуп эсептелет. Ошентип бул илимге тереңдеп кирген сайын сыйкыры да көбөйө берет.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жылдыздардын абалына карап ага таянуу менен келечек иштери тууралуу кабар берүү тыюу салынган арам иш, анткени бул кайып илимине киришүү болуп эсептелет.
  2. Жылдыз илими да тавхидди жана Аллахты жалгыздоого каршы келген сыйкырдын бир түрү. Ал эми тараптарды ажыратуу же кыбыланы, жыл мезгилдерин, айлардын башталышын тактоо үчүн жылдыздарга кароо эч нерсе эмес.
  3. Жылдыз илимине тереңдеп кирген сайын сыйкыр илиминин бутактары да көбөйө берет.
  4. Аллах Таала жылдыздардын пайдасын Куранда айтканы боюнча үч пайдасы бар: алар асмандын кооздугу, жол табуу үчүн белги, шайтандарды уруу үчүн.
Дагы...