عَنْ عُثْمَانَ بْنِ أَبِي الْعَاصِ الثَّقَفِيِّ رضي الله عنه أَنَّهُ شَكَا إِلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَجَعًا يَجِدُهُ فِي جَسَدِهِ مُنْذُ أَسْلَمَ، فَقَالَ لَهُ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«ضَعْ يَدَكَ عَلَى الَّذِي تَأَلَّمَ مِنْ جَسَدِكَ، وَقُلْ بِاسْمِ اللهِ ثَلَاثًا، وَقُلْ سَبْعَ مَرَّاتٍ أَعُوذُ بِاللهِ وَقُدْرَتِهِ مِنْ شَرِّ مَا أَجِدُ وَأُحَاذِرُ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2202]
المزيــد ...
Усман бин Абу Аас Сакафи (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динге киргенден бери денесинен бир жери ооруп жатканын айтып даттанат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай дейт:
Колуңду ооруган жериңе коюп үч жолу: "Бисмиллах" деп айткын. Анан жети жолу: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын кудуретине сыйынам!
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2202]
Усман бин Абу Аас (ага Аллах ыраазы болсун) аны өлүмгө алып бара тургандай катуу ооруп калат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны кабар алып келип, Аллах Таала андан ооруну кетире турган дубаны ага үйрөтөт. Бул дуба мындай: алгач колун ооруган жерине койот. Анан үч жолу "Бисмиллах" дейт. Андан кийин: "Өзүм сезген жана кооптонгон ушул ооруунун жамандыгынан коргоо тилеп, Аллахка жана анын кудуретине сыйынам" деп жети жолу айтат. Кооптоном дегени, келечекте мени кайгыга жана коркунучка салуусунан, же оору бут денеме жайылып кетүүсүнөн чочулайм деген маани.