عن عقبة بن عامر رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«أَحَقُّ الشُّرُوطِ أَنْ تُوفُوا بِهِ مَا اسْتَحْلَلْتُمْ بِهِ الْفُرُوجَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 2721]
المزيــد ...

Укба бин Аамир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"(Нике окулуп) аялды адал кылган учурда коюлган шарттар - сөзсүз аткарыла турган шарттардан".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 2721]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аткарылуусу зарыл болгон шарттар булар аялга кошулуунун адал болуусуна себеп болгон шарттар экенин баяндаган. Бул шарттар нике келишими учурунда аял эркектен талап кылган мубах (ыктыярдуу) шарттар.

Хадистин пайдалары

  1. Жубайлар бири-бирине койгон шарттарды аткаруулары важиб, бирок арамды адал, адалды арам кылуучу шарттар болуп калса, аткарылбайт.
  2. Нике келишиминдеги шарттар башка шарттарга караганда аткарылуусу зарыл. Анткени бул шарттар аял менен кошулууну адал кылуучу шарттар.
  3. Исламда үйлөнүүнүн (жубайлыктын) орду маанилүү, карасаң андагы шарттардын аткарылуусу да бекемделген.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (63)