+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي لله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«لَا يَفْرَكْ مُؤْمِنٌ مُؤْمِنَةً، إِنْ كَرِهَ مِنْهَا خُلُقًا رَضِيَ مِنْهَا آخَرَ» أَوْ قَالَ: «غَيْرَهُ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 1469]
المزيــد ...

Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Ыймандуу эркек ыймандуу аялды таштабайт. Анын кайсы бир мүнөзүн жактырбаса, башка бир мүнөзүнө ыраазы болот" же: "...башка бир мүнөзүнө" деп айткан.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 1469]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек кишини аялына зулум кылууга, аны таштоого же андан жүз буруп кетүүгө алып бара турган жек көрүүдөн тыйган. Анткени адам баласы кемчиликтен аруу эмес, эгер аялынан бир жаман мүнөз көрсө, анын башка жакшы мүнөзүн да көрөт. Ошол өзүнө жаккан жакшы мүнөзүнө таянып ага ыраазы болот. Өзүнө жакпаган мүнөзүнө сабыр кылат. Сабыр кылып, акыры ажырашууга алып бара турган жек көрүүнү ташташы керек.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ыймандуу адамды аялы менен болгон ар кандай талаш-тартышта адилеттүү болууга жана акылдуулук менен өкүм кылууга чакыруу. Кызуу кандуулук жана убактылуу сезимдер менен өкүм кылбоого чакыруу.
  2. Ыймандуу адам ыймандуу аялды аны менен ажырашууга алып бара тургандай жек көрбөөсү керек. Тескерисинче, андан жек көргөн нерсесине караганда жакшы көргөн нерсесине (көбүрөөк) ыктоосу кажет.
  3. Жубайларды бири-бирине көңүл бурууга жана жакшы мамиле кылууга үндөө.
  4. Ыйман жакшы кулк-мүнөздө болууга чакырат. Демек, ыймандуу эркек да, ыймандуу аял да жакшы кулк-мүнөздөн куру эмес. Ыйман ал экөөнөн мактоого татыктуу сыпаттарды талап кылат.