+ -

عَنْ حُذَيْفَةَ رضي الله عنه قَالَ:
كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا قَامَ مِنَ اللَّيْلِ يَشُوصُ فَاهُ بِالسِّوَاكِ.

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 245]
المزيــد ...

Хузайфа (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түндө турганда, оозун мисвак менен тазалайт эле.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 245]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мисвакты көп колдончу жана колдонууга буйручу. Мисвакты колдонууну кээ бир убактарга бекемдеп айтчу. Мисалы: түндө уйкудан турган учурда. Бул учурда өзү да мисвак менен оозун тазалачу.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Дариче Румынча Оромочо
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Уйкудан турганда оозду мисвак менен тазалоо зарыл. Анткени, уйкуда ооз жыттанып калат, ал эми мисвак аны жакшы тазалайт.
  2. Ушуга карай, ооз жыттанган учурдун баарында мисвак колдонуу шарияттын талабы.
  3. Негизи эле оозду таза кармоо шарияттын талабы. Бул пайгамбардын сүннөтү жана жакшы адеп.
  4. Мисвак менен оозду тазалоо тишке, тилге, тиштин мүлктөрүнө тиешелүү.
  5. Мисвак - Арак деп аталган дарактын тамырынан жасалат. Ал оозду жаман жыттан арылтууга, тишти тазалоого, оозго жакшы жыт берүү үчүн пайдаланат.