عن أبِي هريرة رضي اللَّه عنه: سمعتُ النبِيّ صلى الله عليه وسلم يقول:
«الفِطْرَةُ خمسٌ: الخِتَانُ والاستحدادُ وقصُّ الشَّارِبِ وتقليمُ الأظفارِ وَنَتْفُ الآبَاطِ».
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 5891]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал айтты: Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:
Беш нерсе бул адамдын табияттык тазалыгынан. Алар: сүннөткө отургузуу, уяттуу жерлердеги түктөрдү кыруу, мурутту кыскартуу, тырмактарды алуу жана колтуктун түктөрүн жулуу.
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 5891]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ислам дининдеги беш сыпатты жана элчилердин сүннөттөрүн баяндады.
Биринчиси: сүннөткө отургузуу. Бул балдардын жыныс мүчөсүнүн баш жагындагы ашыкча терисин жана кыздардын жыныс мүчөсүнүн кынынан жогору жагынан кесип алуу.
Экинчиси: жыныс мүчөлөрдүн айланасындагы түктөрдү кыруу.
Үчүнчүсү: мурутту кыскартуу. Эрин көрүнгүдөй кылып эркектин үстүнкү эрининен жогорунда өскөн мурутту кыскартып алуу.
Төртүнчүсү: тырмактарды алуу.
Бешинчи: колтуктагы түктөрдү жулуу.