+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: إِنَّ رَسُولَ اللهِ صلى الله عليه وسلم قَالَ:
«إِذَا شَرِبَ الْكَلْبُ فِي إِنَاءِ أَحَدِكُمْ فَلْيَغْسِلْهُ سَبْعًا». ولمسلم: « أولاهُنَّ بالتُراب».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 172]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Эгерде бирөөңөрдүн идишине ит башын салса, ал идишти жети жолу жууп тазаласын".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 172]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ит жалаган идишти жети жолу жууп тазалоого буйруган. Жетинин биринчисинде идишти топурак менен тазалап алуу керек. Андан кийин суу менен жууса ыплас, зыяндуу микробдордон тазаланат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Иттин шилекейи оор нажас (өтө ыплас).
  2. Ит жалаган идиш да, андагы суу да ыплас болот.
  3. Топурак менен тазалап, анан жети жолу жуу иттин шилекейи тийген нерсеге тиешелүү. Анын тезегине, сийдигине ж.б. булганычтарына эмес.
  4. Идишти топурак менен тазалоо мындай таризде болот: алгач идишке топуракты салат, анан анын үстүнө бир аз суу куюп, эзилген ылай менен идишти ышкап жууйт.
  5. Хадисте айтылган өкүм бардык иттерге тиешелүү. Шариятта аңчылык кылууга, кароолчулукка жана кайтаруучулук үчүн багууга уруксат берилген иттерге да тиешелүү.
  6. Самын ж.б. идиш жуучу каражаттар топурактын ордуна өтпөйт. Анткени, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) топурак деп баса белгилеп айткан.