+ -

عَنْ أَنَسٍ رضي الله عنه قَالَ:
كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُكْثِرُ أَنْ يَقُولَ: «يَا مُقَلِّبَ القُلُوبِ ثَبِّتْ قَلْبِي عَلَى دِينِكَ»، فَقُلْتُ: يَا رَسُولَ اللهِ، آمَنَّا بِكَ وَبِمَا جِئْتَ بِهِ فَهَلْ تَخَافُ عَلَيْنَا؟ قَالَ: «نَعَمْ، إِنَّ القُلُوبَ بَيْنَ أُصْبُعَيْنِ مِنْ أَصَابِعِ اللهِ يُقَلِّبُهَا كَيْفَ يَشَاءُ».

[صحيح] - [رواه الترمذي وأحمد] - [سنن الترمذي: 2140]
المزيــد ...

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл)" - деп көп дуба кылчу. Мен: "О, Алахтын элчиси, биз сизге жана сиз алып келген динге ыйман келтирдик. Ошентсе да биз үчүн коркосузбу?" - деп сурадым. Ал: "Ооба, жүрөктөр Аллахтын манжаларынан эки манжасынын арасында турат. Кандай кааласа ошондой калчайт" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 2140]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динге жана таат-ибадатка бекем кылуусун жана туура жолдон тайып кетүүдөн, адашуудан сактоосун сурап Аллахка көп дуба кылчу. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип көп дуба кылганына Анас (ага Аллах ыраазы болсун) таң калып, анын жөнүн сураганда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын жүрөктөрү Аллахтын эки манжасынын ортосунда турарын, Аллах аларды каалагандай калчарын айтып түшүндүрөт. Жүрөк ыйман менен каапырлыктын чеги. Жүрөктү арапча "колбун" дейт, мааниси ары-бери өзгөрүп туруучу дегенди туюндурат. Жүрөктүн өзгөрүүсү казан кайнап ашып кеткенден да бат өзгөрүп турат. Аллах кимди кааласа, анын жүрөгүн туура жолго багыттап, динде туруктуу кылат. Кимди кааласа, анын жүрөгүн туура жолдон тайдырып, адаштырат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан коркуп, Ага катуу берилип жалбарган жана үммөтүн да ушундай жалбарып дуба кылууга чакырган.
  2. Динде туруктуу жана бекем болуу зарыл, анткени натыйжа эң акыркы амалдарга тиешелүү болот.
  3. Аллах колдоп, туруктуу кармап турбаса, пенде Исламда көз ирмемчелик да тура албайт.
  4. Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана макоосу болсун) өрнөк алып, жогорудагы дубаны көп айтышыбыз керек.
  5. Динде бекем болуп, туруктуу жүрүү - бул Аллахтын пендесине берген чоң нээмат жакышылыгы. Бул үчүн пенде Аллахка шүгүр кылып, алкыш-мактоо айтууга тийиш.
Дагы...