Хадистердин тизмеси

Эй, Аббас, эй, Аллахтын элчисинин агасы, Аллахтан дүйнө жана акыреттин амандыгын тиле" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл)
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахым, менин иштеримдин коргоочусу болгон динимди оңдо
عربي الإنجليزية الأوردية
Раббим, менин каталарымды жана билбестигимди кечир. Бардык иштеримдегеи кемчилик жана аша чабуумду кечир. Мендеги Сен Өзүң билип турган күнөөлөрүмдү кечир. Аллахым, менин каталарымды, атайын жана билбей жасаган, тамашалап кетирген кемчиликтеримди кечир. Мендеги бардык кемчиликти кечир. Аллахым, менин мурдагы жана кийинки күнөөлөрүмдү кечир. Ачык жана жашыруун күнөөлөрүмдү кечир. Сен алдыда кылуучу жана кечиктирүүчүсүң. Сен бардык нерсеге күчү жетүүчү Кадырсың
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахым, Сенден жакшылыктын баарын, азыркысын да, кийинкисин да, мен билгенин да, билбегенин да суранам. Сенин жардамың менен бардык жамандыктан, азыркысынан да, кийинкисинен да, мен билгенинен да, билбегенинен да коргоном
عربي الإنجليزية الأوردية
Оо, Аллахым! Мен Сенин жакшылыктарыңдын жок болуп кетүүсүнөн, аманчылыгыңдын алмашып кетүүсүнөн, кокустан келген азабыңдан жана Сенин газабыңа себеп болуучу бардык нерселерден Өзүңдүн жардамың менен коргоном
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахым, карызга батуудан, душмандын үстөмдүк кылуусунан жана табалоосунан сактоону Өзүңдөн суранам
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар" деген дуба эле
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахым, мени туура жолго башта жана түз жүрүүгө ийгилик бер" деп дуба кыл жана дуба кылганда, туура жолду туура жолдо басып бара жатканыңды, түз жүрүүдө жебенин түздүгүн эстегин
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок. Аллах - эң Улук. Аллахка көп мактоолор болсун. Бардык ааламдардын Раббиси - Аллахты аруулайм. Өзгөрүү да күч-кубат да Даанышман жана Кудуреттүү Аллахтан" деп айткын деди. Анда ал
عربي الإنجليزية الأوردية