عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ رضي الله عنهما أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَدْعُو بِهَؤُلَاءِ الْكَلِمَاتِ:
«اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ غَلَبَةِ الدَّيْنِ، وَغَلَبَةِ الْعَدُوِّ، وَشَمَاتَةِ الْأَعْدَاءِ».
[صحيح] - [رواه النسائي وأحمد] - [سنن النسائي: 5475]
المزيــد ...
Абдуллах бин Амр бин Аас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү сөздөрдү айтып дуба кылчу:
"Аллахым, карызга батуудан, душмандын үстөмдүк кылуусунан жана табалоосунан сактоону Өзүңдөн суранам".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ан-Насааи - 5475]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча иштен сактоону Аллахтан суранган:
Биринчиси: "Аллахым, Сенден суранамын" Сенден башкадан суранбайм "карызга батып кетүүдөн сакта" карыздын оордугунан, кыжаалатчылыгынан, кайгы-капасынан сакта. Карыздан кутулууга жардам берүүңдү суранам.
Экинчиси: "душмандын үстөмдүгүнөн" басмырлоосунан жана башчылык кылуусунан сакта. Душмандын зыянынан сактооңду жана жеңишке жеткирүүңдү суранам.
Үчүнчү: "душмандын таба кылуусунан" мусулмандардын башына түшкөн балээ, кыйынчылыкка кубанып карап туруусунан сакта.