عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
أَنَّهُ كَانَ يَقُولُ إِذَا أَصْبَحَ: «اللهُمَّ بِكَ أَصْبَحْنَا، وَبِكَ أَمْسَيْنَا، وَبِكَ نَحْيَا، وَبِكَ نَمُوتُ، وَإِلَيْكَ النُّشُورُ» وَإِذَا أَمْسَى قَالَ: «بِكَ أَمْسَيْنَا، وَبِكَ أَصْبَحْنَا، وَبِكَ نَحْيَا، وَبِكَ نَمُوتُ، وَإِلَيْكَ النُّشُورُ» قَالَ: وَمَرَّةً أُخْرَى: «وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ».
[حسن] - [رواه أبو داود والترمذي والنسائي في الكبرى وابن ماجه] - [السنن الكبرى للنسائي: 10323]
المزيــد ...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
Эртең менен таң атырганда ал минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана" Кеч киргенде минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргизебиз. Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атын менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана". Кээде: "Кайра кайтып баруу Сага гана" дечү.
[Хасан (жакшы)] - - [Сунан ал-Кубра лин-Насааи - 10323]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таң жаңы агарып ата баштаганда минтип айтчу:
"Аллахым, Сенин ысмың менен таң атырабыз" Сенин сактооңо таянып, нээмат-жакшылыктарыңа тобокел кылып, топук-ийгиликтериңе куралып, Сен берген күч-кубат менен кыймыл-аракет кылып (таңды тосуп, күндүзгү жашоону баштадык). "Сенин ысмың менен кечти киргизип, Сенин ысмың менен өлүп, Сенин ысмың менен тирилебиз". Б.а. жогоруда айтылгандай кечинде да айтылат. Кечинде минтип айтат: Аллахым Сенин ысмың менен кечти киргиздим, Сенин атың менен тирүүлөр тирилебиз, өлүктөр өлөбүз. "Анан кайра Сенин өзүңө тирилип барабыз" өлгөндөн кийин кайра тирилебиз.
Кеч кирип дигерден кийинки убак болгондо минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргиздик. Сенин атың менен таң атырдык. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра кайтуу Өзүңө гана" бул дүйнөдө да акыретте да кайра кайтаруу Сага гана. Сен мени өлтүрүп, Сен мени кайра тирилтесиң.