+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«الْمُؤْمِنُ الْقَوِيُّ، خَيْرٌ وَأَحَبُّ إِلَى اللهِ مِنَ الْمُؤْمِنِ الضَّعِيفِ، وَفِي كُلٍّ خَيْرٌ، احْرِصْ عَلَى مَا يَنْفَعُكَ، وَاسْتَعِنْ بِاللهِ وَلَا تَعْجَزْ، وَإِنْ أَصَابَكَ شَيْءٌ، فَلَا تَقُلْ لَوْ أَنِّي فَعَلْتُ كَانَ كَذَا وَكَذَا، وَلَكِنْ قُلْ قَدَرُ اللهِ وَمَا شَاءَ فَعَلَ، فَإِنَّ (لَوْ) تَفْتَحُ عَمَلَ الشَّيْطَانِ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура, жана алсыз болбо. Эгер сага бир кайгы-капа жетсе: « Эгер тигиндей кылсам, мындай болоор эле»-деп айтпа». Аллах тагдыр кылыптыр. Ал Өз каалаганын жасайт «-дегиле. Анткени, «Эгер» деген сөз шайтандын амалдарына жол ачат»

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): ыймандуунун баары жакшы экенин, бирок ыйманында, чечкиндүүлүгүндө, байлыгында ж.б. күч-кубатка тиешелүү иштерде күчтүү болгон ыймандуу адам күчсүз ыймандууга караганда Аллахка жагымдуу жана сүйкүмдүүрөөк экенин айткан. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандуу адамга, ага дүйнө жана акыретте пайдасын тийгизе турган иштерде Аллахка таянуу менен бирге себептерди аткарууну, Аллахтан жардам суроону жана Ага тобокел кылууну насаат кылган. Анан дүйнө жана акыретке пайдалуу иштерди аткарууда чамасыз болуудан, жалкоолуктан жана шалаакылыктан тыйды. Ыймандуу адам кайсы бир иште аракет кылса, себептерди аткарса, Аллахка таянса жана Аллахтан жакшылык тилесе, анда бардык иштерин Аллахка тапшыруусу жана Аллахтын тандоосу эң жакшы тандоо экенин билүүсү керек. Ошондон кийин ага кандайдыр бир көйгөй болуп калса, анда: "Эгер мен мындай кылсам, тигиндей болмок эмес" деп айтпасын. Анткени "эгер" деп айтуу шайтандын амалдарына эшик ачып берет. Тагдырга нааразы болууда, өткөн иште өкүнүүдө (шайтанга эшик ачат). Анын ордуна тагдырга моюн сунуп жана ыраазы болуп: "Аллахтын тагдыры, Ал каалаганын аткарды" деп айтуу керек. Болгон иш Аллахтын каалоосунун чегинде болду, анткени ал каалаганын аткаруучу. Анын буйругун жокко чыгаруучу болбойт жана Анын өкүмүн кечиктирүүчү да жок.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Адамдар ыйманында ар түрдүү болот.
  2. Иш-амалдарда күчтүү болуу жакшы; анткени, күчтүүлүк менен алсыз адам жетпеген пайдаларга жете алат.
  3. Инсан өзүнө пайдалуу иштерге аракет кылып, пайдасыз иштерди таштоосу керек.
  4. Ыймандуу адам өзүнө таянбастан, бардык иштеринде Аллахтын көмөгүн сурануусу керек.
  5. Каза жана кадардын бар экени анык, бул жакшы иштерге аракет кылууга жана себептерди аткарууга каршы келбейт.
  6. Кыйынчылыкка кабылганда нааразыланып: "эгер" деген сөздү айтуудан тыйган жана Аллахтын каза, кадарына каршы болуунун арамдыгын айткан.