عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ يُرِدِ اللهُ بِهِ خَيْرًا يُصِبْ مِنْهُ».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 5645]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Аллах кимге жакшылык кааласа, анда ага сыноо жиберет».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 5645]

Түшүндүрмө

Пайгамбар(ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер Аллах ыймандуу пенделеринин бирине жакшылык кааласа, анда аларды өздөрү, мал-мүлктөрү жана үй-бүлөлөрү менен сынаарын кабарлап кетти. Анткени Аллах аларга сыноо жөнөтүү менен ыймандуулар дуба кылып Аллах Таалага кайрылышат, алардын жаман иштеринин күнөөлөрү кечирилет жана даражаларды көтөрүлөт.

Хадистин пайдалары

  1. Ыймандуу адам ар кандай сыноолорго кабылат.
  2. Сыноолор Аллахтын пенделерине болгон сүйүүсүнүн белгиси болушу мүмкүн. Аллах аны менен пенделеринин даражасын, кадыр-баркын көтөрөт жана күнөөлөрүн кечирет.
  3. Кыйынчылык болгондо сабырдуулукка жана дүрбөлөңгө түшпөөгө үндөө.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)
Дагы...