عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ يَقُمْ لَيْلَةَ الْقَدْرِ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ»

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 35]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирген абалда жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 35]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Рамазан айынын акыркы он күнүндө болгон Кадыр түндү тосуунун пазилетин кабарлады. Ошондой эле кимде-ким ал түндө намаз окуу, дуба кылуу, Куран окуу жана зикир кылуу менен алек болуп, Кадыр түндүн болоруна, ал тууралуу келген пазилеттерине ыйман келтирип, кылган иш-аракеттери үчүн Аллахтан гана сооп-сыйлык үмүт кылып, жоро көрсүн жана эл уксун дебестен өткөрсө, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилишин кабарлады.

Хадистин пайдалары

  1. Кадыр түндүн пазилети жана аны тосууга үндөө.
  2. Жакшы иш-аракеттер туура ниет кылуу менен гана кабыл болот.
  3. Аллахтын пазилеттүүлүгү жана Анын ырайымдуулугу. Анткени кимде-ким Кадыр түндүн болоруна ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)