+ -

عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ مُغَفَّلٍ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ النَّبِيُّ صلى الله عليه وسلم:
«بَيْنَ كُلِّ أَذَانَيْنِ صَلَاةٌ، بَيْنَ كُلِّ أَذَانَيْنِ صَلَاةٌ» ثُمَّ قَالَ فِي الثَّالِثَةِ: «لِمَنْ شَاءَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 627]
المزيــد ...

Абдулла бин Мугаффал (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Бардык эки азандын ортосунда намаз бар. Бардык эки азандын ортосунда намаз бар". Анан: "Каалагандар үчүн" - деп кошумчалаган.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 627]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир азан менен икооматтын ортосунда напил намаз окуу керектигин айткан. Муну үч жолу кайталап, анан каалаган адамга гана мустахаб деп кошумчалаган.

Котормо: Урдуча Индонезияча Сингалча Ветнамча Тагалогчо Хаусача Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Азан менен икооматтын ортосунда напил намаз окуу мустахаб.
  2. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таалим берүүдөгү ыкмасы, маанилүү ишти айтарда аны бир канча жолу кайталаган.
  3. Эки азан дегени: азан менен икоомат. Көбүнчө буга эки азан деп айтылат. Күн менен айды "эки ай", Абу Бакр менен Умарды "эки Умар" деген сыяктуу.
  4. Азан намаздын убактысы киргенин билдирүү үчүн айтылат. Икоомат болсо, намаздын башталгандыгын билдирүү үчүн айтылат.
Дагы...