عَنْ ‌أَبِي قَتَادَةَ السَّلَمِيِّ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إِذَا دَخَلَ أَحَدُكُمُ الْمَسْجِدَ فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ قَبْلَ أَنْ يَجْلِسَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 444]
المزيــد ...

Абу Катада ас-Сулами (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 444]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким мечитке каалаган убакта жана каалаган максатта келип-кирсе, отурардан мурда эки рекет намаз окууга үндөгөн. Ал эки рекет тахиййатул-масжид намазы.

Хадистин пайдалары

  1. Мечитке киргенде отураардан алдын тахиййатул-масжид деген эки рекет намаз окуу сооптуу.
  2. Бул эки рекет тахиййатул-масжид намазын окуу мечитте отургусу келгендер үчүн. Ал эми ким мечитке кирсе жана отура электе чыгып кетсе, тахиййатул-масжид намазын окубаса да болот.
  3. Эгер намаз окууну каалаган адам мечитке киргенде адамдар намаз окуп жатса, анда алар менен бирге намаз окуйт. Алар менен намаз окуусу менен ал эки рекет тахиййатул-масжид намазына жетиштүү болот.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (57)
Дагы...