عَنْ ‌مَحْمُودِ بْنِ لَبِيدٍ رضي الله عنه:
أَنَّ ‌عُثْمَانَ بْنَ عَفَّانَ أَرَادَ بِنَاءَ الْمَسْجِدِ فَكَرِهَ النَّاسُ ذَلِكَ، وَأَحَبُّوا أَنْ يَدَعَهُ عَلَى هَيْئَتِهِ، فَقَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «مَنْ بَنَى مَسْجِدًا لِلهِ بَنَى اللهُ لَهُ فِي الْجَنَّةِ مِثْلَهُ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 533]
المزيــد ...

Махмуд бин Лабид (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
Чындыгында, Усман бин Аффан мечитти кургусу келгенде адамдар муну жактырбай, аны ошол бойдон калтырып койгонун жакшы көрүштү. Ошондо Усман бин Аффан айтты: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: "Ким Аллах үчүн мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ошол мечиттей курат".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 533]

Түшүндүрмө

Усман бин Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитин анын биринчи курулушунан да жакшыраак кылып кайра курууну кааласа, адамдар Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорундагы мечиттин курулушу өзгөргөнү үчүн муну жактырышпады. Ал мечит ылайдан курулган, анын шыбы пальма дарагынын шактары менен жабылган. Бирок Усман аны таш жана гипс менен тургузгусу келген. Ошондуктан Усман (Аллах андан ыраазы болсун) аларга Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укканын ушинтип айтты: "Кимде-ким мактаныш үчүн да, атак-даңк үчүн да эмес, Аллах Тааланын ыраазылыгын көздөп мечит курса, Аллах Таала аны жасаган эмгегиндей эң жакшы сыйлык менен сыйлайт. Бул сыйлык – Аллах аны бейиште ага окшош курулуш менен сыйлайт".

Хадистин пайдалары

  1. Мечиттерди курууга үндөө керек жана анын пазилети чоң.
  2. Мечитти кеңейтүү жана оңдоп-түзөө мечит кургандын пазилетине кайсыл бир деңгээлде ээ боло берет.
  3. Бардык иштерди Аллах Таала үчүн чын ыкластан аткаруунун маанилүүлүгү.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (58)