عَنْ ‌أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ: أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«صَلَاةٌ فِي مَسْجِدِي هَذَا خَيْرٌ مِنْ أَلْفِ صَلَاةٍ فِيمَا سِوَاهُ إِلَّا الْمَسْجِدَ الْحَرَامَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 1190]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 1190]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнүн мечитинде намаз окуунун пазилеттүүлүгүн түшүндүрүп, Меккедеги Харам мечитинен башка жер жүзүндөгү мечиттерде миң намаз окугандан да сооптуураак экенин баяндады. Меккедеги Харам мечитинде окулган намаз Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитинде окулган намаздан жакшыраак.

Хадистин пайдалары

  1. Харам мечитинде жана Пайгамбардын мечитинде намаз окуунун сообу көп.
  2. Харам мечитинде окулган намаз башка мечиттердеги жүз миң намаздан жакшыраак.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (57)
Дагы...