عَنْ ‌أَبِي حُمَيْدٍ أَوْ عَنْ ‌أَبِي أُسَيْدٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«إِذَا دَخَلَ أَحَدُكُمُ الْمَسْجِدَ فَلْيَقُلِ: اللَّهُمَّ افْتَحْ لِي أَبْوَابَ رَحْمَتِكَ، وَإِذَا خَرَجَ فَلْيَقُلِ: اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 713]
المزيــد ...

Абу Хумайд же Абу Усайд риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 713]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө мечитке киргенде айтылган дубаны үйрөткөн. Ал дуба: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" б.а. ал Аллах Тааладан ага ырайымынын себептерин даярдап берүүсүн суранат. Эгер сыртка чыккысы келсе, анда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" -деп айтсын. Ал Аллахтан Анын жакшылыктарын жана адал ырыскынын жакшылыгын көбөйүүсүн сурайт.

Хадистин пайдалары

  1. Мечитке киргенде жана чыкканда бул дубаны айтуу сооптуу.
  2. Кирүү менен ырайымдуулукту, чыгуу менен жакшылыктарды суроонун өзгөчөлүгү: кирген адам Аллахка жана бейишине жакындата турган нерселер менен алек болот. Ошондуктан ырайымдуулукту айтуу ылайыктуу. Ал эми сыртка чыкканда, Аллахтын ырыскысын издеп, жер жүзүн айланат. Ошондуктан Аллахтын жакшылыктарын айтуу ылайыктуу.
  3. Бул дубалар мечитке киргенде жана андан чыкканда айтылат.
Котормолорду көрсөтүү
Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (57)
Дагы...