«سَوُّوا صُفُوفَكُمْ، فَإِنَّ تَسْوِيَةَ الصَّفِّ مِنْ تَمَامِ الصَّلَاةِ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...
Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айткан хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Саптарда тегиз тургула. Анткени, саптын тегиздиги - намаздын толуктугунан болуп эсептелет".
Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуучуларды сапка тегиз турууга, бири-биринен алдыга же артка туруп албоого буйруган. Сапта тегиз туруу намаздын толук болуусуна өбөлгө. Саптын ийрилиги же бош орундун калуусу - намаздын кемчилиги.