+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«أَمَا يَخْشَى أَحَدُكُمْ - أَوْ: لاَ يَخْشَى أَحَدُكُمْ - إِذَا رَفَعَ رَأْسَهُ قَبْلَ الإِمَامِ، أَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ رَأْسَهُ رَأْسَ حِمَارٍ، أَوْ يَجْعَلَ اللَّهُ صُورَتَهُ صُورَةَ حِمَارٍ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башындай, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусунан коркпойбу".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башын имамдан мурда көтөрүп алган адамга катуу эскертүүнү баян кылган. Аллах анын башын эшектин башындай кылып коюусун, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусун эскерткен.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Имамга уюган кишиде төрт абал болот: анын үчөөсүнө тыюу салынган, булар: алдыга озуп кетүү, аны менен бирдей кылуу, өтө кечигип калуу. Шариятка ылайыгы: имамды ээрчип аткаруу.
  2. Намазда уюган адам имамды ээрчүүсү важыб.
  3. Имамдан мурда башын өйдө кылган адамдын сүрөтү эшектин сүрөтүнө айланып калат деген жаман убада боло турган иш, бул кубултуу.
Дагы...