عن أنس بن مالك رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«مَنْ نَسِيَ صَلَاةً فَلْيُصَلِّ إِذَا ذَكَرَهَا، لَا كَفَّارَةَ لَهَا إِلَّا ذَلِكَ: {وَأَقِمِ الصَّلاةَ لِذِكْرِي} [طه: 14]».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 597]
المزيــد ...

Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку" [Таха: 14]".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 597]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким кайсы бир парз намазды окууну убактысы бүткүчө унутуп калса, аны эстеген замат казасын окууга шашылуусу керек экенин баяндады. Эгер мусулман унуткан намазын эстегенде окубаса кайдыгерликтин күнөөсү кечирилбейт жана өчүрүлбөйт. Анткени Аллах Таала Өзүнүн ыйык китебинде айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку". [Таха: 14]". Мааниси: унутулган намазды эстеген кезде оку.

Хадистин пайдалары

  1. Намаздын маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана аны окууда жана казасын окууда кайдыгерлик кылбоо.
  2. Намазды үзүрсүз атайылап мөөнөтүнөн кечиктирүүгө болбойт.
  3. Унуткан адам эстеген кезде, уктап калган адам ойгонгон кезде намазды окуп алуусу парз.
  4. Каза болгон намаздарды тыюу салынган учурларда да дароо казасын окуу парз.
Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية البامبارية البنجابية الماراثية
Котормолорду көрсөтүү
Дагы...