+ -

عن عمرو بن شُعيب عن أبيه عن جدِّه قال: قال رسولُ الله صلى الله عليه وسلم:
«مُرُوا أولادكمِ بالصلاةِ وهم أبناءُ سبعِ سِنينَ، واضرِبوهم عليها وهم أبناءُ عَشرٍ، وفرِّقوا بينهم في المَضاجِعِ».

[حسن] - [رواه أبو داود]
المزيــد ...

Амир бин Шуъайб атасынан чон атасынын айтканын минтип айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө".

Сахих (ишенимдүү) - Ат-Тирмизи жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ата балдарын (уулбу, кызбы айымасы жок) жети жашында намазга буйруусун жана намаз окуу үчүн эмнени билиш керек болсо, аны үйрөтүү керектигин айткан. Ал эми он жашка чыкканда да намаз окубаса буйругандан сырткары уруу керектигин жана (ушул жашка чыккан уул бала менен кыз баланын) төшөгүн ажыратуу керектигин айткан.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Балдар балакат жаш курагына жеткенге чейин эле дин иштерин үйрөтүү зарыл, бул иштердин эң маанилүүсү - намаз.
  2. Баланы уруу аны азаптоо эмес, ага адеп берүү үчүн, б.а. аны абалына жараша гана урат.
  3. Шарият намысты сактоого жана бузукулукка алып бара турган бардык жолдорду тосууга көңүл бурат.