+ -

عن بريدة بن الحصيب رضي الله عنه أنه قال:
بَكِّرُوا بِصَلَاةِ الْعَصْرِ، فَإِنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «مَنْ تَرَكَ صَلَاةَ الْعَصْرِ فَقَدْ حَبِطَ عَمَلُهُ».

[صحيح] - [رواه البخاري]
المزيــد ...

Бурайда (ага Аллах ыраазы болсун) мынтип айткан:
Асыр намазын эртерээк окугула, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким асыр намазын калтырса, анын амалы текке кетет" - деген.

Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) асыр намазын убактысынан атайлап кечиктирүүдөн эскерткен. Ким кечиктирсе иш-амалдары жокко чыгып, текке кетерин айтты.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Асыр намазын абалкы убактысында окуу жана ушуга аракет кылуу керек.
  2. Асыр намазын калтырган жана убактысынан кечиктирген адамга катуу эскертүү бар. Аны кечиктирүү башка намаздарды кечиктирүүдөн оор күнөө. Анткени ал Аллах Таала: "Намазыңарды, айрыкча ортоңку намазды бекем сактагыла" - деп баса белгилеген ортоңку намаз. (Бакара, 238-аят).