عَنْ عَبْدِ اللهِ بنِ عُمَر رضي الله عنهما قال: قال رسولُ الله صلى الله عليه وسلم:
«بُنِيَ الْإِسْلَامُ عَلَى خَمْسٍ: شَهَادَةِ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، وَأَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ، وَإِقَامِ الصَّلَاةِ، وَإِيتَاءِ الزَّكَاةِ، وَحَجِّ الْبَيْتِ، وَصَوْمِ رَمَضَانَ».

Абдулла бин Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".

Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган) Сахих Муслим - 16

Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды бекем курулушка окшоткон. Ал курулушту кармап турган түркүктөрү Исламдын беш түркүгү, ал эми Исламдын башка жөрөлгөлөрү курулушту толуктап бүтүрөт. Бул түркүктөрдүн биринчиси: эки күбөлүк; Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын элчиси деген күбөлүктөр. Бул экөө бири-биринен ажырагыс болгон бир түркүк. Пенде бул эки күбөлүктү Аллахтын жалгыздыгын, Ал гана ибадатка татыктуу экендигин, Андан башка ибадатка татыктуу жоктугун моюндап айтат. Бул күбөлүктүн талабын аткарып амал кылат. Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген динине ишенип, анын артынан ээрчийт. Экинчи түркүк: Намаз окуу. Бул бир сутка ичинде окула турган беш убак парз намаз. Алар: Багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан. Намаз окуганда анын (сырткы) шарттары, (ички) үрүкүн-парздары жана ваажыбдары толук аткарылуусу керек. Үчүнчү түркүк: Парз болгон зекетти берүү. Бул шариятта чектелип көрсөтүлгөн чек-өлчөмгө жеткен малдан милдеттүү түрдө бериле турган байлыкка тиешелүү ибадат. Зекет аны алууга ылайыктуу болгон адамдарга берилет. Төртүнчү түркүк: Ажы кылуу. Бул Аллахка кулчулук кылуу үчүн Меккени максат кылып барып, анда ажылыктын талап, тартиптерин аткаруу. Бешинчи түркүк: Рамазан айында орозо тутуу. Бул таң аткандан баштап, күн батканга чейин Аллахка кулчулук кылуу ниети менен жегенден, ичкенден ж.б. орозону буза турган иштерден сактануу.

Хадистин пайдалары

  1. Эки күбөлүктү бекем кармоо зарыл, алардын бири болбосо, экинчиси жарактуу болбойт, ошон үчүн экөө бир түркүк болуп эсептелет.
  2. Бул эки күбөлүк диндин негизи, бул экөөсүз сөз дагы, амал дагы кабыл кылынбайт.

Котормолорду көрсөтүү

64 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
FF Fulfulde الفولانية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
DA Dansk الدنماركية
RN Kirundi الكيروندي
KMR Kurmancî الكرمنجية
MS Bahasa Melayu الملايو