+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال:
لَعَنَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الرَّاشِيَ وَالْمُرْتَشِيَ فِي الْحُكْمِ.

[صحيح] - [رواه الترمذي وأحمد] - [سنن الترمذي: 1336]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтты:
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бийликтеги пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 1336]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, пара берген жана пара алган адамга Аллах Тааланын ырайымынан чыксын жана алыс болсун деп дуба кылган.
Мына ошол пара - бул соттор өкүмдү бурмалоосу үчүн аларга төлөнүүчү нерсе. Пара берүүчү адам каалаган максатына адилетсиздик менен жетиши үчүн пара берет.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Чехче Италянча Оромочо Каннадача Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пара берүүгө, алууга, аларга ортомчу болууга жана аларга жардам берүүгө тыюу салынат. Анткени ал зулумдукка жардам берген болуп калат.
  2. Пара алуу чоң күнөө. Анткени Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, пара алганга да жана пара бергенге да каргыш айткан.
  3. Сотто жана өкүм чыгарууда пара алуу эң чоң кылмыш жана эң чоң күнөө. Анткени анда Аллах түшүргөн өкүмдөн башкасы менен өкүм чыгаруу бар жана зулумдук бар.
Дагы...