+ -

عن أبي سعيد الخُدْريِّ رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«‌مَنْ ‌رَأَى ‌مِنْكُمْ ‌مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ، وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيمَانِ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум:
«Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы».

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жамандыкты, б.а. Аллах жана Анын Элчиси тыюу салган нерселердин бардыгынан адамдын мүмкүнчүлүгүнө жараша токтотууга буйруйт. Эгерде бир күнөө ишти көрсө, аны токтотууга күчү жетсе, анда колу менен токтотушу керек. Эгерде ага кудурети жетпесе, анда күнөөкөрдү тыйып, күнөөнүн зыянын түшүндүрүп жана бул жамандыктын ордуна жакшылык ишти көрсөтүп, аны тили менен токтотсун. Эгерде бул даражага жете албаса, анда бул жамандыкты жүрөгү менен жек көрсүн. Эгерде аны токтотууга кудурети жеткенде, аны аткарат эле деген ниетте болсун. Жүрөгүнөн жек көрүү – жамандыкты токтотуудагы ыймандын эң алсыз даражасы.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадис – жамандыкты токтотуунун даражаларын баяндоодо негиз болуп саналат.
  2. Акырындык менен жамандыктан кайтаруу буйругу ар кимисинин өз жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.
  3. Жамандыктан кайтаруу – бул диндеги улуу иштерден. Бул иш эч кимдин жоопкерчилигинен түшпөйт жана ар бир мусулманга өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша милдет болот.
  4. Жакшылыкка буюруу жана жамандыктан кайтаруу ыймандын белгилеринен. Анткени ыйман көбөйөт жана азаят.
  5. Жамандыктан кайтаруунун шарттарынан: Иштин күнөө экенин билүү.
  6. Жамандыктан кайтаруунун шарты: Андан чоң жамандык алып келбеши керек.
  7. Жамандыктан кайтаруунун мусулман сөзсүз түрдө үйрөнө турган адептери жана шарттары бар.
  8. Жамандыктан кайтаруу үчүн шарияттык саясат, билим жана көрөгөчтүк керек.
  9. Аткарылып жаткан күнөөнү көрүп жүрөк менен жек көрбөгөндүк - ал ыймандын алсыздыгын көрсөтөт.