Хадистердин тизмеси

Ыйман жетимиш канча, же алтымыш канча бутактан турат. Анын эң бийиги "Лаа илааха иллаллоох" сөзү, эң төмөнү жолдон зыяндуу нерсени алып таштоо
عربي الإنجليزية الأوردية
Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат
عربي الإنجليزية الأوردية
Алла Таала менден мурда жиберген бардык пайгамбарлардын үммөтүндө анын сүннөтүн карманып, буйругун аткарган өзгөчө жакын чөйрөсү жана жолдоштору болгон
عربي الإنجليزية الأوردية
Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, сахабалар келип: «Биздин оюбузга айтканга тил барбаган жаман ойлор келет» - деп сурашты, анда Пайгамбар: «Силерге ушундай ойлор келип жатабы?» - деди. Алар: «Ооба» дешти. Пайгамбар: «Бул ыймандуулуктун ачык белгиси» - деп айтты. @
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле силердин жүрөгүңөрдөгү ыйманыңар да эскирет. Андыктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурангыла
عربي الإنجليزية الأوردية
“Кимде-ким Аллах Тааланы Раббим деп, Исламды диним деп жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ыймандын даамын татыптыр
عربي الإنجليزية الأوردية