+ -

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ رضي الله عنهما قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«إِنَّ الْإِيمَانَ لَيَخْلَقُ فِي جَوْفِ أَحَدِكُمْ كَمَا يَخْلَقُ الثَّوْبُ الْخَلِقُ، فَاسْأَلُوا اللَّهَ أَنْ يُجَدِّدَ الْإِيمَانَ فِي قُلُوبِكُمْ».

[صحيح] - [رواه الحاكم والطبراني] - [المستدرك على الصحيحين: 5]
المزيــد ...

Абдулла бин Амр бин Аль-Аас, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты:
«Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле силердин жүрөгүңөрдөгү ыйманыңар да эскирет. Андыктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурангыла».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Ал-Хаким жана ат-Табарани жазып калтырган] - [Ал-Мустадрак алаа ас-Сахихайни - 5]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жаңы кийим көп кийилип эскирген сыяктуу мусулмандын жүрөгүндөгү ыйманы да эскирип, алсыз болуп калышы туурасында айтты. Бул ыймандын эскирүүсү ибадаттагы кайдыгерликтен, күнөө кылуудан жана азгырыктарга берилип кетүүдөн болот. Мындай учурда Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, парз ибадаттарды аткаруу менен, көп зикир кылуу жана истигфар айтуу менен ыйманыбызды жаңыртуу үчүн Алла Таалага дуба кылууга багыт берди.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллахтын дининде бекем болууга жана жүрөктөгү ыйманды жаңылап турууга чакырды.
  2. Ыйман – бул сөз, иш-аракет жана ички ишенимден турат. Ал ибадат кылуу менен көтөрүлүп, күнөө кылуу менен ылдыйлайт.
Дагы...