+ -

عَنْ أَنَسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ، قَالَ: لَأُحَدِّثَنَّكُمْ حَدِيثًا سَمِعْتُهُ مِنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لاَ يُحَدِّثُكُمْ بِهِ أَحَدٌ غَيْرِي: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«إِنَّ مِنْ أَشْرَاطِ السَّاعَةِ أَنْ يُرْفَعَ العِلْمُ، وَيَكْثُرَ الجَهْلُ، وَيَكْثُرَ الزِّنَا، وَيَكْثُرَ شُرْبُ الخَمْرِ، وَيَقِلَّ الرِّجَالُ، وَيَكْثُرَ النِّسَاءُ حَتَّى يَكُونَ لِخَمْسِينَ امْرَأَةً القَيِّمُ الوَاحِدُ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Анас, радыяллаху анху, риваят кылат: «Мен силерге Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, уккан хадисти айтып берейин. Бул хадисти силерге менден башка эч ким айтып бербейт. Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум:
«Кыяматтын белгилери болгон кезде илим көтөрүлөт, наадандык көбөйөт, зина көбөйүп, арак көп ичилет. Эркектер азайып, аялдар көбөйөт. Камсыз кылган ар бир эркекке элүү аял туура келет»

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыяматтын жакындашынын белгилеринин бири – шарият илиминин көтөрүлүшүн айтты. Ал илимдин көтөрүлүшү аалымдардын өлүмү менен болот. Натыйжада наадандык көбөйүп, зина, бузукулук жайылат. Арак ичүү кеңири тарайт. Эркектердин саны азайып, аялдардын саны көбөйөт. Ошентип, элүү аялдын ишин караган жана аларды камсыз кылган бир эркек болот.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Кыяматтын кээ бир белгилерин айтты.
  2. Кыяматтын убактысын билүү – Аллах белгисиз кылган кайып иштердин бири.
  3. Шарияттын илими жоголуп кеткиче аны үйрөнүүгө чакырды.