عن المقدام بن معدِيْكَرِب رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«أَلَا هَلْ عَسَى رَجُلٌ يَبْلُغُهُ الْحَدِيثُ عَنِّي وَهُوَ مُتَّكِئٌ عَلَى أَرِيكَتِهِ فَيَقُولُ: بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ كِتَابُ اللهِ، فَمَا وَجَدْنَا فِيهِ حَلَالًا اسْتَحْلَلْنَاهُ، وَمَا وَجَدْنَا فِيهِ حَرَامًا حَرَّمْنَاهُ، وَإِنَّ مَا حَرَّمَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَمَا حَرَّمَ اللهُ».
[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي وابن ماجه] - [سنن الترمذي: 2664]
المزيــد ...
Аль-Микдам бин Маъдийкариб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби бар. Андан адал деп тапканыбызды адал кылабыз, арам деп тапканыбызды арам кылабыз. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) арам кылган нерсени Аллах арам кылган» - деп айтуусуна жакын калбадыбы?!.
[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ибн Маажа жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 2664]
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадистерин укса да ал сөөрүсүндө жатып алып: «Биз менен силерди бөлүп турган нерсе – бул Ыйык Куран жана ал бизге жетиштүү. Анда эмнени адал деп тапсак, ага ылайык амал кылабыз, ал эми эмнени арам деп тапсак, андан алыс болобуз» - деп айткан адамдар чыккан замандын жакындаганынан Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабар берди. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүндө арам кылган иштер же тыюу салган нерселердин баары Аллах Өз Китебинде тыюу салган нерселердин өкүмүнө окшош экенин баяндады. Анткени ал Раббисинин буйруктарын жеткирүүчү гана.