عن أبي مالكٍ الأشعريِّ رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«الطُّهُورُ شَطْرُ الْإِيمَانِ، وَالْحَمْدُ لِلهِ تَمْلَأُ الْمِيزَانَ، وَسُبْحَانَ اللهِ وَالْحَمْدُ لِلهِ تَمْلَآنِ -أَوْ تَمْلَأُ- مَا بَيْنَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ، وَالصَّلَاةُ نُورٌ، وَالصَّدَقَةُ بُرْهَانٌ، وَالصَّبْرُ ضِيَاءٌ، وَالْقُرْآنُ حُجَّةٌ لَكَ أَوْ عَلَيْكَ، كُلُّ النَّاسِ يَغْدُو، فَبَايِعٌ نَفْسَهُ فَمُعْتِقُهَا أَوْ مُوبِقُهَا».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 223]
المزيــد ...
Абу Маалик Аль-Хаарис ибн Аасим Аль-Ашарий, радыяллаху анхудан, Алахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асман менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садака бул - далил, ал эми сабырдуулук болсо жарыктык. Куран болсо, сенин пайдаңа же сенин зыяныңа күбөө болот. Ар бир инсан күндө өз нафсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 223]
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай дейт: Чындыгында тышкы тазалык даарат алуу жана жуунуу менен болот. Анткени бул намаздын шарты. Ал эми: «Алхамдулиллах» – сөзү Аллахты мактоо сөзү жана Аны толук болгон сыпаттар менен сыпаттоо сөзү. Ошондой эле бул сөз Кыямат күнү таразага тартылып, амал таразасын толтурат. Ал эми «Субханаллах» жана «Алхамдулиллах» сөздөрү - бул ар бир кемчиликтен аруулоо жана Аллахтын улуулугуна ылайыктуу келген толук болгон сыпаттар менен сыпаттаган сөздөр. Бул сөздөрдү айтууда Аллахка толук сүйүү жана улуктоо менен коштолот. Ошондой эле бул сөздөр жер менен асмандардын ортосун толтурат. «Намаз нур» деген сөзү пенденин жүрөгүндө, жүзүндө, кабырында жана кайра тирилүүдө ага нур болот. «Садака далил» деген сөзү момундун ыйманынын чынчылдыгына далил болот. Ошондой эле садаканын сыйлыктарына ишенбегендиги үчүн садаканы бербеген мунафык адам эмес экенине далил болот. “Сабырдуулук жарыктык” – бул деген тынчсызданууда жана нааразычылыкта өзүн кармай билүү. Сабырдуулуктун жарыктык сыяктуу болгонунун себеби күн нуру сыяктуу жылуулукту жана күйүүнү алып келген жарык сыяктуу. Анткени, сабыр кылуу - бул нафсиге оор келет жана өзүн өзү көптөгөн аракет менен көндүрүүсү керек. Ошондой эле өзү каалаган нерсесинен өзүн кармоосу талап кылынат. Анын ээси дайыма жарык жана туура жолдо болот. Сабыр кылуу – Аллахка моюн сунууда, Ал арам кылган иштерден тыйылууда сабыр кылуу жана бул дүйнөдөгү балээлерге жана ар кандай кыйынчылыктарга сабыр кылуу түрлөрүнө бөлүнөт. «Куран болсо, сенин пайдаңа» - бул Куранды тилават кылуу менен жана ага амал кылуу менен болот. Же «сенин зыяныңа күбө болот» - бул Куранды тилават кылууну жана аны иш жүзүнө ашырууну таштап коюуда болот. Андан кийин, Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге бардык адамдар чуркашып, тарашып, уйкудан туруп ар кандай иштери үчүн үйлөрүнөн чыгып кетээрин айтты. Алардын кээ бирлери Аллахка моюн сунууда туура жолду карманышып өз нафсилерин тозок отунан куткаргандар жана алардын арасында туура жолдон тайып, Аллахка баш ийбей, тозокко түшүп нафсисин кор кылгандар да бар.