1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Артыкчылыктар жана адептер

Хадис Оо, Аллахтын Элчиси, кандай гана жаман иш болбосун, эч кимисин калтырбай аткарып чыктым». Анда Пайгамбар: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк бересиңби?» - деп үч жолу сурады. Ал: «Ооба, күбөлүк берем» - деп айтты. Пайгамбар айтты: «Күбөлүк берүүң ал жаман иштериңди жууп кетет

عَنْ أَنَسٍ رضي الله عنه قَالَ:
جَاءَ رَجُلٌ إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، مَا تَرَكْتُ حَاجَّةً وَلَا دَاجَّةً إِلَّا قَدْ أَتَيْتُ، قَالَ: «أَلَيْسَ تَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللهِ؟» ثَلَاثَ مَرَّاتٍ. قَالَ: نَعَمْ، قَالَ: «فَإِنَّ ذَلِكَ يَأْتِي عَلَى ذَلِكَ».

Анас, радыяллаху анху, риваят кылат:
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип, мындай деп айтты: «Оо, Аллахтын Элчиси, кандай гана жаман иш болбосун, эч кимисин калтырбай аткарып чыктым». Анда Пайгамбар: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк бересиңби?» - деп үч жолу сурады. Ал: «Ооба, күбөлүк берем» - деп айтты. Пайгамбар айтты: «Күбөлүк берүүң ал жаман иштериңди жууп кетет».

Сахих (ишенимдүү) Абу Йаъла, ат-Табарани жана аз-Зия ал-Макдиси жазып калтырган Ал-Ахадис ал-Мухтара лиз-зийа ал-Макдиси - 1773

Чечмелөө

Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен бардык күнөөлөрдү жана туура эмес иштерди кылдым, мен чоң күнөөнү да, кичүү күнөөнү да калтырбай аткардым. Эми менин күнөөлөрүм кечирилеби?» - деп сурады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, андан: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк бересиңби?» - деп сурады. Ага муну үч жолу айтты. Ал киши: "Ооба, күбөлүк берем" - деп айтты. Ошентип, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага эки күбөлүк берүү келмесинин пазилеттүүлүгүн жана алар күнөө иштерди жууп кетүүсүн айтып берди. Ошондой эле тообо кылуу өзүнөн мурунку күнөө иштерди жок кылаарын айтты.

Хадистин пайдалары

  1. Күбөлүк берүү келмесинин улуулугу жана чын жүрөктөн айткан адам үчүн кандай гана күнөө болбосун, анын күнөөлөрүн жууп жок кылган артыкчылыгы.
  2. Ислам дини өзүнөн мурунку күнөө иштерди жок кылат.
  3. Тообо кылуу өзүнөн алдыңкы күнөөлөрдү жууп кетирет.
  4. Үйрөтүүдө кайталап түшүндүрүү – Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтү.
  5. Күбөлүк берүү келмесинин пазилеттүүлүгүн айтты. Анткени алар түбөлүк тозокто калуудан кутулууга себеп болот.

Котормолорду көрсөтүү

69 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
FF Fulfulde الفولانية
IT Italiano الإيطالية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
BG Български البلغارية
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
EL Ελληνικά اليونانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
LN Lingala اللينجالا
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
DA Dansk الدنماركية
RN Kirundi الكيروندي
YAO Yao الياو
KMR Kurmancî الكرمنجية
MS Bahasa Melayu الملايو