+ -

عن عبد الله بن عمرو رضي الله عنهما أن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«بَلِّغُوا عَنِّي وَلَوْ آيَةً، وَحَدِّثُوا عَنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَلَا حَرَجَ، وَمَنْ كَذَبَ عَلَيَّ مُتَعَمِّدًا فَلْيَتَبَوَّأْ مَقْعَدَهُ مِنَ النَّارِ».

[صحيح] - [رواه البخاري]
المزيــد ...

Абдулла бин Амр, радыяллаху анхума, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Менден бир аят болсо да жеткиргиле. Бану-Исраилдин окуяларын айта бергиле, анда эч кандай күнөө жок. Ким менин атымдан атайылап жалган айтса, анда тозоктон жайын даярдай берсин».

Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн атынан Куран же сүннөт илимдерин, ал бир аят же бир хадис болсо да жеткирүүгө буйруп жатат. Аларды элге жеткирүүдө эмнени жеткирип жатканын жана эмнеге чакырып жатканын билүүсү шарт. Андан соң Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Бану-Исраилдин шариятыбызга каршы келбеген окуяларын айтуунун зыяны жок экенин баяндады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жалган айтуудан тыйды. Ким анын атынан атайылап жалган айтса, анда өзүнө тозоктон жайын алып коёо берсин».

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллахтын шариятын жеткирүүгө кызыктыруу. Албетте бир адам аз болсо да түшүнгөн жана жаттаган нерселерин башкаларга жеткирүүсү керек.
  2. Аллахка туура ибадат кылуу үчүн жана шариятты туура жеткирүү үчүн дин илимин үйрөнүү важип.
  3. Хадисте келген катуу эскертүүгө кирип калбоо үчүн хадисти жеткирерден алдын же жайылтуудан алдын анын сахих (туура) экенин тактоо важип.
  4. Айрыкча, Аллахтын динине тиешелүү сөздөрдө жалганга түшүп калбоо үчүн сүйлөгөндө чынчыл болууга жана абайлап сүйлөөгө үндөдү.