+ -

عَنْ ‌أَبِي هُرَيْرَةَ عَنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ:
«سَيَكُونُ فِي آخِرِ أُمَّتِي أُنَاسٌ يُحَدِّثُونَكُمْ مَا لَمْ تَسْمَعُوا أَنْتُمْ وَلَا آبَاؤُكُمْ، فَإِيَّاكُمْ وَإِيَّاهُمْ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
"Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнүн акыркыларынан калпты ойлоп чыгарып, өздөрүнөн мурда эч ким айтпаган сөздөрдү айтышып, жалган жана токулма хадистерди айта турган адамдар пайда болоорун кабарлады. Ошентип, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизди алардан алыс болуубузду, алар менен отурбоону жана алардын айткан хадистерин укпоону буйруду. Анткени бул токулма хадистер адамдардын аң-сезиминде калып калат да, андан арыла албай калабыз.

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадисте пайгамбарлыктын белгилеринин бири бар. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнө эмне болорун кабар берген жана ал кабар бергендей болду.
  2. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, жана Ислам динине жалган жалаа жапкандардан алыс болуу жана алардын калпына кулак салбоо керек.
  3. Хадистердин сахих жана далилдүү экендиги тастыкталмайынча аларды кабыл алуу же жарыялоо тууралуу катуу эскертти.