+ -

عَنْ ‌الزُّبَيْرِ بْنِ الْعَوَّامِ قَالَ:
لَمَّا نَزَلَتْ: {ثُمَّ لَتُسْأَلُنَّ يَوْمَئِذٍ عَنِ النَّعِيمِ} [التكاثر: 8]، قَالَ الزُّبَيْرُ: يَا رَسُولَ اللهِ، وَأَيُّ النَّعِيمِ نُسْأَلُ عَنْهُ، وَإِنَّمَا هُمَا الْأَسْوَدَانِ التَّمْرُ وَالْمَاءُ؟ قَالَ: «أَمَا إِنَّهُ سَيَكُونُ».

[حسن] - [رواه الترمذي وابن ماجه]
المزيــد ...

Зубайр бин Аль-Аввам риваят кылып айтты:
Бул аят: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" - деп түшкөндө Зубайр: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылык жөнүндө суралабыз? Тагыраагы алар эки кара курма жана суубу?" - деп айтат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: "Келечекте боло турган нерседен" - деп айтты".

Хасан (жакшы) - Ат-Тирмизи жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Бул аят түшкөндө: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" б.а. Аллахтын силерге берген нээмат-жакшылыктарына шүгүр кылуу жөнүндө сураласыңар" - деп түшкөндө Зубайр бин Аль-Аввам, радыяллаху анху, айтты: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылыктар жөнүндө суралабыз? Тактап айтканда, алар суроону талап кылбаган эки нээмат-жакшылык болгон курма жана суубу? - деп айтат".
Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Силер бул абалыңардагы нээмат-жакшылыктар жөнүндө сураласыңар. Тактап айтканда бул экөөсү Аллах Тааланын нээматтарынан эки чоң нээмат".

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Нээмат-жакшылыктар үчүн Аллах Таалага шүгүр айтууга басым жасоо.
  2. Кыямат күнү пенденин аз болобу, көп болобу, сурала турган нерсеси – нээмат-жакшылыктар.