Хадистердин тизмеси

"О, агам, "Лаа илааха иллаллооху" деген сөздү айтыңыз, Аллахтын алдында сен үчүн буга күбө өтөмүн" - деди.
عربي Алглисче Урдуча
?Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат
عربي Алглисче Урдуча
?Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.
عربي Алглисче Урдуча
عربي Алглисче Урдуча
Жөөттөр - алар каарга калган, христиандар болсо - адашкан
عربي Алглисче Урдуча
عربي Алглисче Урдуча
عربي Алглисче Урдуча
عربي Алглисче Урдуча
عربي Алглисче Урдуча
عربي Алглисче Урдуча