+ -

عَنْ ‌أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ:
كَانَ أَهْلُ الْكِتَابِ يَقْرَؤُونَ التَّوْرَاةَ بِالْعِبْرَانِيَّةِ، وَيُفَسِّرُونَهَا بِالْعَرَبِيَّةِ لِأَهْلِ الْإِسْلَامِ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا تُصَدِّقُوا أَهْلَ الْكِتَابِ وَلَا تُكَذِّبُوهُمْ، وَقُولُوا: {آمَنَّا بِاللهِ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْنَا} [البقرة: 136] الْآيَةَ».

[صحيح] - [رواه البخاري]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Китеп ээлери Тауратты иврит тилинде окуп, аны араб тилинде Ислам элине түшүндүрүп беришчү. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Китеп ээлерине ишенбегиле жана аларды жалганга чыгарбагыла. «Биз Аллахка жана бизге түшүрүлгөнгө ишенебиз» - деп айткыла». (Бакара, 136).

Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүн Китеп ээлери риваят кылган нерселерге алданып калуудан эскертти. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, убагында яхудийлер Тооратты иврит тилинде окушчу. Бул эврейлердин тили. Анан алар аны арабча чечмелеп беришчү. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Китеп ээлерине ишенбегиле жана жалганга чыгарбагыла». Бул анын жалганы жана акыйкаттуулугу билинбеген марселелерде болот. Себеби Аллах Таала бизге Куранга жана аларга түшүрүлгөн Китептерге ыйман келтирүүнү буйруган. Эгерде биздин шариятыбызда алар айткан маселелердин чындыгын же жалгандыгын түшүндүрө турган эч нерсе жок болсо, анда алар айтып жаткан нерселердин туура же жалган экенин билүү үчүн бизге эч кандай жол жок. Андыктан биз алар бурмалаган нерселерде аларга шерик болуп калбашыбыз үчүн аларга ишенбейбиз жана токтоп турабыз. Балким чын болуп, ыйман келтирүүгө буйрулган нерселерден баш тарткан болуп калбашыбыз үчүн аларды жалганга чыгарбайбыз. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге мындай деп айтууга буйруду: «Биз Аллахка, бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Якубка жана асбаттарга түшүрүлгөнгө, Муса менен Исага берилгенге жана пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилгенге ишенебиз. Алардын ортосун айырмалабайбыз. Биз Ага моюн сунган мусулмандарданбыз». (Бакара, 136)

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Китеп ээлеринин айткандары үч бөлүмгө бөлүнөт: Куран жана Сүннөткө туура келген бөлүм. Бул бөлүмгө ишенебиз. Куран жана Сүннөткө карама-каршы келген бөлүм. Бул жалган бөлүмгө ишенбейбиз. Ал эми үчүнчүсү: Куран жана Сүннөттө жок болгон бөлүм, анын чындык же жалган экендигине далил жок. Андыктан мындай маселелер риваят кылына берет. Бирок мындай маселелерге ишенбейбиз жана жалганга чыгарбайбыз.