Хадистердин тизмеси

Бул Куранга бекем болгула, Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант ичип айтам, ал жибинен бошонгон төөдөн да ылдам чыгып кетет
عربي Алглисче Урдуча
Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр
عربي Алглисче Урдуча
Үйүңөрдү көрүстөндөй кылып албагыла. Чынында, Бакара сүрөөсү окулган үйдөн шайтан качат
عربي Алглисче Урдуча
Ким түнү Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот
عربي Алглисче Урдуча
Ким Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн ага бир жакшылык он барабар болуп жазылат
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахты бардык абалында эстеп зикир кылат эле
عربي Алглисче Урдуча
Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)
عربي Алглисче Урдуча
"О, агам, "Лаа илааха иллаллооху" деген сөздү айтыңыз, Аллахтын алдында сен үчүн буга күбө өтөмүн" - деди.
عربي Алглисче Урдуча
Куран окуган ыймандуу адам цитрон сыяктуу, анын жыты да, даамы да сонун. Ал эми Куран окубаган ыймандуу адам курма сыяктуу, анын жыты жок, бирок даамдуу
عربي Алглисче Урдуча
Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат
عربي Алглисче Урдуча
Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.
عربي Алглисче Урдуча
«Китеп ээлери Тауратты иврит тилинде окуп, аны араб тилинде Ислам элине түшүндүрүп беришчү. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Китеп ээлерине ишенбегиле жана аларды жалганга чыгарбагыла. «Биз Аллахка жана бизге түшүрүлгөнгө ишенебиз» - деп айткыла». (Бакара, 136).*@
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа саллам, «Бисмиллахир Рохманир Рохиим (Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын)» деген аяты түшүрүлмөйүнчө эки сүрөөнүн бөлүнүшүн билген эмес
عربي Алглисче Урдуча
Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот
عربي Алглисче Урдуча
Бизге Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалары айтышкан. Алар Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, он аят үйрөнүшчү жана аларда кандай илим жана амал бар экенин билмейинче, калган он аяттан алышчу эмес. «Биз ушинтип аяттардагы илимди жана амалдарды да үйрөнөт элек» - деп айтышат эле.*@
عربي Алглисче Урдуча
«Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?». Мен: «Аллах жана Анын Элчиси билет» - деп айттым. Ал кайрадан: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?» - деп айтты. Мен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү Башкаруучу» (Бакара, 255) - деп айттым. Ал менин көкүрөгүмө чаап: «Эй, Абуль-Мунзир. Аллахка ант болсун! Бул илим сага куттуу болсун!» - деди.@*
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу
عربي Алглисче Урдуча
Жөөттөр - алар каарга калган, христиандар болсо - адашкан
عربي Алглисче Урдуча
«Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бул аятты окуду: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат». (Аали Имран, 7) Андан соң Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Эгерде андагы түшүнүүгө оор болгон аяттарды өзүнүн максатына ылайыктап түшүнгөн адамдарды көрсөң, анда алар Аллах бул аятта айткан адамдар. Алардан сак бол» - деп айтты».*@
عربي Алглисче Урдуча
«Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, менде кулдарым бар, алар мага жалган айтышат, мага кыянат кылышат жана менин сөзүмдү угушпайт. Алардын алдында менин абалым кандай болот» - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Сага кыянат кылгандары үчүн, сага баш ийбегендиги жана сага калп айткандары үчүн сен аларга берген жазаңа татыктуу болушат. Эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнө жараша болсо, бул аларга жетиштүү болот. Сенин пайдаңа да жана зыяныңа да болбойт. А эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнөн азыраак болсо, анда сага артыкчылык болот. А эгерде жазаң алардын күнөөлөрүнөн көбүрөөк болсо, анда алар сенден өчтөрүн алышат. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасын коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт» - деген аятын окубадыңбы?» - деп айтты. Ал киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, Аллахка ант болсун! Мен өзүм үчүн да, алар үчүн да алардан бөлүнүүдөн артык эч нерсе таба албайм. Күбөлүк берем алардын баары азат» - деп айтты».*@
عربي Алглисче Урдуча
Көп киши өлтүргөн, көп зына кылган кээ бир мушриктер Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, келишип: "Чындыгында, сенин айтканың жана чакырганың жакшы. Бизге кабар берчи. Биз аткарып койгон нерселердин каффараты барбы?" - дешти. Ошондо бул аяттар түштү. Аллах таала айтты: "Алар Аллахтан башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына кылышпайт.(Фуркан сүрөөсү, 68-аят). Аллах таала айтты: "(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме) айт: "Оо, Менин, өздөрүнө ысырап кылып (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!". (Аз-Зумар сүрөөсү, 53).@*
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Меккени фатх кылган күнү элге кайрылып мындай деди: «Эй адамдар! Чындыгында, Аллах силерден Исламга чейинки доордун текебердигин жана ата-бабалары менен сыймыктанууларын алып салды. Эй адамдар, Аллах силерден жахилияттын жүгүн жана анын ата-бабаларына болгон текебердигин алып салды. Адамдар эки түрдүү болот: салих, такыба жана Аллахтын алдында урматтуу жана бузуку, бактысыз, Аллахтын алдында эң төмөн. Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)@*
عربي Алглисче Урдуча
Бул аят: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" - деп түшкөндө Зубайр: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылык жөнүндө суралабыз? Тагыраагы алар эки кара курма жана суубу?" - деп айтат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: "Келечекте боло турган нерседен" - деп айтты". @*
عربي Алглисче Урдуча