+ -

عَنِ ‌ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ:
كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَليهِ وَسَلَّمَ لا يَعْرِفُ فَصْلَ السُّورةِ حَتَّى تَنْزِلَ عَليْهِ {بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ}.

[صحيح] - [رواه أبو داود]
المزيــد ...

Ибн Аббас, радыяллаху анхума, айтты:
Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа саллам, «Бисмиллахир Рохманир Рохиим (Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын)» деген аяты түшүрүлмөйүнчө эки сүрөөнүн бөлүнүшүн билген эмес».

Сахих (ишенимдүү) - Абу Дауд жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Ибн Аббас, радыяллаху анхума, Ыйык Курандын сүрөөлөрү Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, түшүрүлгөндө ага «Бисмиллахир Рохманир Рохиим» аяты түшүрүлмөйүнчө сүрөөнүн бөлүнүшүн жана бүткөнүн билбей турганын айтты. Качан бул аят келгенде бир сүрөө аяктаганын жана жаңы сүрөөнүн башталганын билген.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бисмилла сүрөөлөрдү бөлүү үчүн колдонулат. Бирок Анфал сүрөөсү менен Тауба сүрөөсүнүн ортосунан башка жерлерде келет.
Дагы...