عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«أَيُحِبُّ أَحَدُكُمْ إِذَا رَجَعَ إِلَى أَهْلِهِ أَنْ يَجِدَ فِيهِ ثَلَاثَ خَلِفَاتٍ عِظَامٍ سِمَانٍ؟» قُلْنَا: نَعَمْ. قَالَ: «فَثَلَاثُ آيَاتٍ يَقْرَأُ بِهِنَّ أَحَدُكُمْ فِي صَلَاتِهِ خَيْرٌ لَهُ مِنْ ثَلَاثِ خَلِفَاتٍ عِظَامٍ سِمَانٍ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 802]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Силердин бирөөңөр үй-бүлөсүнө кайтып келгенде, үч семиз төө менен кайткысы келеби?» Биз: «Ооба» - деп жооп бердик. Ал айтты: «Силердин бириңер намазда окуган үч аят ал үчүн үч семиз төөдөн жакшы».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 802]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда үч аят окуунун сообун түшүндүрүп берди. Адам үйүнөн үч чоң семиз жана бооз төө тапкандан көрө намазда үч аят окуган жакшы деп айтты.