عَنْ أَبِي عَبْدِ الرَّحْمَنِ السُّلَمي رحمه الله قَالَ:
حَدَّثَنَا مَنْ كَانَ يُقْرِئُنَا مِنْ أَصْحَابِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُمْ كَانُوا يَقْتَرِئُونَ مِنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَشْرَ آيَاتٍ، فَلَا يَأْخُذُونَ فِي الْعَشْرِ الْأُخْرَى حَتَّى يَعْلَمُوا مَا فِي هَذِهِ مِنَ الْعِلْمِ وَالْعَمَلِ، قَالُوا: فَعَلِمْنَا الْعِلْمَ وَالْعَمَلَ.

[حسن] - [رواه أحمد] - [مسند أحمد: 23482]
المزيــد ...

Абу Абдур-Рахман ас-Сулами (ага Аллах ырайым кылсын) мындай деп айтты:
Бизге Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары айтышкан. Алар Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он аят үйрөнүшчү жана аларда кандай илим жана амал бар экенин билмейинче, калган он аяттан алышчу эмес. «Биз ушинтип аяттардагы илимди жана амалдарды да үйрөнөт элек» - деп айтышат эле.

[Хасан (жакшы)] - [Ахмад жазып калтырган] - [Муснад Ахмад - 23482]

Түшүндүрмө

Сахабалар, Аллах алардан ыраазы болсун, Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курандан он аят алышчу жана алар аяттардан илимди алып ага амал кылмайынча, башка аяттарга өтүшчү эмес. Ошентип алар илим менен амалды бирге үйрөнүшкөн.

Хадистин пайдалары

  1. Сахабалардан Аллах ыраазы болсун. Алардын Куранды үйрөнүүгө болгон аракеттери ачыкталды.
  2. Куранды үйрөнүү аны окуу жана жаттоо менен эле эмес, андагы нерселерди билүү жана амал кылуу менен болот.
  3. Илим сөздөн жана иш-аракеттерден турат.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (65)
Дагы...