عن أبي موسى الأشعري رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«تَعَاهَدُوا هَذَا الْقُرْآنَ، فَوَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ لَهُوَ أَشَدُّ تَفَلُّتًا مِنَ الْإِبِلِ فِي عُقُلِهَا».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 791]
المزيــد ...

Абу Муса ал-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Бул Куранга бекем болгула, Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант ичип айтам, ал жибинен бошонгон төөдөн да ылдам чыгып кетет".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 791]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды жаттап көкүрөккө киргизгенден кийин кайра унутуп калбоо үчүн Куранга бекем болууга, тилават кылып окууга көңүл бурууга буйруган. Курандын эстен бат чыгып кетерин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ант ичип бекемдеп айткан. Куран буту жип менен чидерленген төө бошонуп качып кеткенден да бат эстен чыгат. Ал төөнү адам караса кармап калат, бошотуп койсо качып кетет жана жоголот.

Хадистин пайдалары

  1. Куранды жаттаган адам улам-улам аны окуп көңүл буруп турса, жүрөгүндо сакталган боюнча калат. Болбосо, эсинен чыгып, унутуп калат.
  2. Куранды бекем кармоонун пайдаларынын бири: сооп-сый табат, кыямат күнү даражасы бийик болот.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (64)