+ -

عَنْ مَالِكِ بْنِ أَوْسِ بْنِ الْحَدَثَانِ أَنَّهُ قَالَ: أَقْبَلْتُ أَقُولُ مَنْ يَصْطَرِفُ الدَّرَاهِمَ؟ فَقَالَ طَلْحَةُ بْنُ عُبَيْدِ اللهِ وَهُوَ عِنْدَ عُمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ رضي الله عنهما: أَرِنَا ذَهَبَكَ، ثُمَّ ائْتِنَا، إِذَا جَاءَ خَادِمُنَا، نُعْطِكَ وَرِقَكَ، فَقَالَ عُمَرُ بْنُ الْخَطَّابِ: كَلَّا، وَاللهِ لَتُعْطِيَنَّهُ وَرِقَهُ، أَوْ لَتَرُدَّنَّ إِلَيْهِ ذَهَبَهُ، فَإِنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«الْوَرِقُ بِالذَّهَبِ رِبًا، إِلَّا هَاءَ وَهَاءَ، وَالْبُرُّ بِالْبُرِّ رِبًا، إِلَّا هَاءَ وَهَاءَ، وَالشَّعِيرُ بِالشَّعِيرِ رِبًا، إِلَّا هَاءَ وَهَاءَ، وَالتَّمْرُ بِالتَّمْرِ رِبًا، إِلَّا هَاءَ وَهَاءَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 1586]
المزيــد ...

Малик бин Аус бин Хадасан айтат: Мен жанымдагыларга кайрылып: Ким мага алтын теңгелерди күмүш акчага алмаштырып берет? - деп сурадым. Талха бин Убайдулла: Алтындарыңды бизге (берчи) көрөлү, анан кийин кызматчыбыз келгенде келсең, сага күмүш акча беребиз - деди. Ал жерде Умар бин Хаттаб да турган. Ал: Жок, мындай болбойт. Аллахка ант болсун, сен ага акчаны дароо беришиң керек, же алтындарын кайтарып бересиң. Анткени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Күмүштү алтынга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Буудайды буудайга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Арпаны арпага алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Курманы курмага алмаштыруу сүткордук болот. Бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 1586]

Түшүндүрмө

Таабийиндердин бири Малик бин Аус айтат: Анда алтын динарлары болгон. Ал динарын күмүш дирхамга алмаштырмакчы болот. Талха бин Убайдулла ага: Алтындарыңды бизге бер, карап көрөлү - деп, анан аны ала турган болгондон кийин: Бизди күтө тур, кызматчыбыз келгенден кийин келсең күмүш акчаларды сага беребиз - дейт. Бул отурушта Умар (ага Аллах ыраазы болсун) да отурган. Ал мындай соодалашууну четке кагып, Аллахка ант берип, Талханы күмүш дирхамдарды дароо берүүгө же алтындарын кайра кайтарып берүүгө буйруйт. Анан мунун себебин түшүндүрүп, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алтынды күмүшкө же күмүштү алтынга соода кылганда дароо колмо-кол алуу важыб экенин айтканын, эгер мындай болбосо, арам сүткордук болорун, мындай соода жараксыз экенин эскерткенин айтат. Алтынды күмүшкө же күмүштү алтынга соода кылганда колмо-кол соода кылып кабыл кылып алуу керек. Ошондой эле буудайды буудайга, арпаны арпага, курманы курмага соода кылганда, өзүндөй, салмагын, өлчөмүн бирдей кылып колмо-кол соода кылуу керек. Булардын бирин да кийинкиге калтырып насыя соода кылууга болойт. Ошондой эле колмо-кол өткөрүп алмайынча ажырап кетүүгө болбойт.

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадисте беш түрдүү нерсе айтылган: алтын, күмүш, буудай, арпа, курма. Мына ушул нерселерди ушул эле нерселерге алмаштырганда (сатканда), сооданын жарактуу болуусу үчүн эки шарт табылуусу зарыл: келишим болгон жерде товарды кабыл кылып алуу. Салмагы бирдей болуу. Мисалы алтынды алтынга алганда салмагы бирдей болушу керек. Бул шарттардын бири табылбаса риба фаазил, ашыкча сүткордук болот. А эгер күмүштү данга алмаштыруу сыяктуу жынсы ар түрдүү нерсе болсо, анда анын жарактуу болуусу үчүн бир эле шарт бар: акысын келишим кылынган жерде төлөө. Эгер андай болбосо бул риба насия, насыя сүткордук болуп калат.
  2. Келишим түзүлгөн отуруш дегени, соода болгон жер. Мейли алар отуруп соода кылсын, басып баратып соода кылсын, же улоонун үстүндө баратып соода кылсын айырмасы жок. Ал эми ажырап кетүү дегени, адамдардын жашаган жериндеги үрп адатта ажыроо кандай болсо, ошондой эсептелет.
  3. Хадистеги тыюу алтын менен күмүштүн бардык түрүнө, иштетилген жана иштетилбегенине тиешелүү.
  4. Азыркы замандагы акча бирдиктерине да алтын менен күмүшкө тиешелүү шарттар каралат. Башкача айтканда, риалды дирхамга алмаштырууну кааласаң, эки тарап ыраазы болгон курста алмаштырылат, бирок алмаштыруу соодалашкан орунда болуусу важыб. Эгер андай болбосо, соода жараксыз болуп, арам деп эсептелеген сүткордук болуп калат.
  5. Сүткордук менен алмаштыруу, эгер эки тарап тең ыраазы болуп турса да жараксыз. Анткени Ислам дини жеке адамдын да, коомчулуктун да акысын коргойт. Өз акысын кечкенине каралбайт.
  6. Колунан келген адамга башкаларды жамандыктан кайтаруусу милдет.
  7. Кайсы бир иштен кайтарганда, кайтарган нерсесинин далилин келтирүү зарыл. Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) хадисти далил кылганы сыяктуу.
Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча Венгерче الموري Оромочо الجورجية
Котормолорду көрсөтүү
Дагы...