عن عبد الله بن مسعود رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ قَرَأَ حَرْفًا مِنْ كِتَابِ اللهِ فَلَهُ بِهِ حَسَنَةٌ، وَالْحَسَنَةُ بِعَشْرِ أَمْثَالِهَا، لَا أَقُولُ {الم} حَرْفٌ، وَلَكِنْ {أَلِفٌ} حَرْفٌ، وَ{لَامٌ} حَرْفٌ، وَ{مِيمٌ} حَرْفٌ».

[حسن] - [رواه الترمذي] - [سنن الترمذي: 2910]
المزيــد ...

Абдуллах бин Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Ким Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн ага бир жакшылык он барабар болуп жазылат. "Алиф, лам, мим" бир тамга деп айтпайм, бирок "алиф" бир тамга, "лам" бир тамга жана "мим" бир тамга".

[Хасан (жакшы)] - [Ат-Тирмизи жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 2910]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир мусулман Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн бир жакшылык жазыларын, ал жакшылык он эсеге көбөйтүлөрүн кабарлаган.
Кийин аны мынтип баяндады: ("Алиф, лам, мим" бир тамга деп айтпайм, бирок "алиф" бир тамга, "лам" бир тамга жана "мим" бир тамга"): ошондо үч тамга болуп, ага отуз жакшылык жазылат.

Хадистин пайдалары

  1. Куранды көбүрөөк тилават кылып окууга кызыктырган.
  2. Ар бир сөздүн ар бир тамгасы үчүн окуган окуучуга он эсеге көбөйтүлгөн жакшылык болот.
  3. Аллах Тааланын ырайымынын жана берешендигинин кенендиги айтылган, пенденин сообунун артыкчылыгы жана берешендиги менен эселеп көбөйтөт.
  4. Курандын башка сөздөрдөн артыкчылыгы жана аны окуунун ибадат улуулугу айтылды. Анткени ал Аллах Тааланын сөзү.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (62)
Дагы...