عن أبي مسعود رضي الله عنه قال: قال النبي صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ قَرَأَ بِالْآيَتَيْنِ مِنْ آخِرِ سُورَةِ الْبَقَرَةِ فِي لَيْلَةٍ كَفَتَاهُ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 5009]
المزيــد ...

Абу Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Ким түнү Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 5009]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын түндө окуса, Аллах Таала аны жамандыктан сактаарын кабарлаган. Кээ бир аалымдар: Түнкү намаздын ордуна жетиштүү болот деген. Кээ бирлери: Башка зикирлердин ордуна жетиштүү болот деген. Кээ бирлери: Аз дегенде түндө туруп Куран окуунун ордуна жарайт деген. Мындан башка да пикирлер бар. Кантсе да бул пикирлердин баары бирдей эле туура мааниде.

Хадистин пайдалары

  1. Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятынынын артыкчылыгы баян кылынды. Бул аяттар Аллах Тааланын: "Аамана расул..." "Элчилер ыйман келтирди..." деп башталган аятынан баштап Бакара сүрөнүн акырына чейин.
  2. Бакара сүрөсүнүн акыркы аяттарын түндө окуса аны окуган адамдан жамандыкты, шайтанды айдайт.
  3. Түн күн баткандан башталып, күндүн чыгуусу менен бүтөт.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (62)
Дагы...